КМТУ НОУТБУК ЧЫГАРА БАШТАДЫ

  • 12.12.2024
  • 0

Кыргыз өндүрүшүндөгү алгачкы ноутбуктар чыгарыла баштады. Ал мамлекеттеги техникалык окуу жайдын флагманы аталган Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин технопаркы тарбынан “TECNO” бренди менен чыгарылууда.

Бул саамалык Кыргызстандагы мектептер 12 жылдык билим берүү моделине даярданып жатканда жогорку окуу жайлардагы «Университет 4.0» концепциясынын ишке ашуусунун жаңы баскычы болуп саналат. Концепция илимди, билимди жана өндүрүштү айкалыштырып, инновациялык экосистеманы түзүүгө багытталган.

КМТУ НОУТБУК ЧЫГАРА БАШТАДЫ

Цехтин ачылуу аземине билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева, КР Финансы министрлигине караштуу Сатып алуулар департаментинин алдындагы “Сатып алуулар борбору” МИнин директор С.С. Кудаяров, университеттин жетекчилиги, чет элдик өнөктөштөр – Shenzhen Madigi Electronic Technology Co. Ltd өкүлдөрү, бизнес коомчулук жана билим берүү мекемелери катышты.

КМТУ НОУТБУК ЧЫГАРА БАШТАДЫ

Иш-чаранын жүрүшүндө жабдууларды чогултуу технологиялык процесси жана түзүлүштөрдүн толук линиясынын мүнөздөмөлөрү боюнча тааныштыруу иштери жүргүзүлдү.

КМТУ НОУТБУК ЧЫГАРА БАШТАДЫ

Өндүрүш цехинде «Иш ордунда билим алуу» билим берүү модели да сунушталып, ал окуу процессин жана реалдуу өндүрүштү айкалыштырып, студенттерге уникалдуу практикалык тажрыйба алууга шарт түзүлөт.

Өзгөчө белгилей кетчү нерсе, Microsoft компаниясынын расмий өнөктөшү болгон Shenzhen Madigi Electronic Technology CO., LTD академиялык программа алкагында билим берүү мекемелери үчүн Microsoft программалык камсыздоосунун лицензиясын чоң арзандатуу менен сунуштайт. Бул долбоордун билим берүү сектору үчүн жогорку сапат стандарттарына жана жеткиликтүүлүккө умтулганын баса белгилейт.

КМТУ НОУТБУК ЧЫГАРА БАШТАДЫ

Цех 25 жумуш ордун камсыздап, күнүнө 1500 ноутбукка чейин чогултуу кубаттуулугуна ээ. Алгачкы ноутбуктар Кыргызстандын стандартташтыруу системасынан, соода-өнөр жай палатасынын техникалык жана лабораториялык экспертизасынан ийгиликтүү өткөң.

Учурда цех Билим берүү жана илим министрлигинен 80 миң ноутбукка буйрутма алган. Башкача айтканда, мугалимдер үчүн «Алтын Казык» аталышындагы ноутбуктарды да ушул технопарк чыгарат. Алардын 27 миңи ушул жылдын декабрь жана келерки жылдын башында чогултулуп, февраль айында өлкө башчы Садыр Жапаровдун катышуусунда тапшырылат.

 

КМТУ НОУТБУК ЧЫГАРА БАШТАДЫ

Ал эми ноутбуктун тетиктерин Кытай өнөктөштөрү тарабынан үзгүлтүксүз камсыздалып турат. Ноутбуктар бир жылдык кепилдикке ээ болуп, техникалык параметрлери Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына жооп берет.

КМТУ НОУТБУК ЧЫГАРА БАШТАДЫ

Окуу жайдын өндүрүш базасы Кыргызстандын экономикасынын өнүгүшүнө чоң салым кошуп, жумуш орундарын түзүп, студенттер менен окутуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Келечекте компоненттерди жергиликтештирүүнү этап-этабы менен жүзөгө ашыруу жана И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргызстандын рыногу үчүн жаңы типтеги электрондук жабдууларды иштеп чыгууга багытталган R&D борборун түзүү пландалууда.

Айгерим Токтобаеа, «Кут Билим» 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер