КМТУДА ЭНЕ ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

  • 17.02.2020
  • 0

Бүгүн Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде «Эл аралык эне тил» жумалыгынын алкагында салтанаттуу иш-чара өттү.  

КМТУДА ЭНЕ ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

Иш-чарага кыргыз тили, орус  тили, чет тил кафедралары жана Кыргыз-Корей маалыматты жеткирүү, Түрк тили, Немис тили борборлору өзүдөрүнүн даярдап келген иш-чараларын элге тартуулады. Майрамдык салтанатка университеттин ректору Муратаалы Джаманбаев жана Өнүгүү жана мамлекеттик тил боюнча  проректору  Бекжан Төрөбеков менен бирге КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комисиясынын маалымат катчысы Жакыбалиев Кутмырза жана Кыргызстандагы Түрк элчисинин  билим берүү боюнча кеңешчиси Харун Каржы катышты.

КМТУДА ЭНЕ ТИЛ ЖУМАЛЫГЫ БАШТАЛДЫ

Майрамга улуттук маданият, каада-салт, үрп-адат боюнча ар бир кафедра жана тил борборлору даярдап келген номерлер элге таартууланып, көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, майрам жогорку деңгээлде өттү.

Бөлүшүү

Комментарийлер