КМТУДА БОШ ОРУНДАР ЖАРМАНКЕСИ

  • 30.10.2018
  • 0

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде студенттер,  бүтүрүүчүлөр  жана жумуш издеп жүргөн жаштар үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Бишкек шаардык Калкты ишке орноштуруу башкармалыгы тарабынан бош орундар жарманкеси өттү.

Иш-чара жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрүнө ишке орношууга жардам берүү, алардын арасында атаандаштыкты күчөтүү, жогорку класстарга кесип тандоодо багыт берүү максатында уюштурулду. Анда иш берүүчүлөр иштегенден качпаган бардык жаштарга дайыма эшиктери ачык экендигин айтышып, керек болсо студенттердин билим алуусуна тоскоолдук жаралбашы үчүн иш убактысын дагы ийкемдүү кылып  түзүп берүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жарманкеде Бишкек шаарында билим берүү, курулуш, тейлөө, соода-сатык ж.б. тармактарда 4000 ашык бош орундар сунушталды.
Иш-чаранын алкагында бүтүрүүчү студенттер үчүн “Иш издөө орду. Резьюмени туура жазуу жана маектешүүдөн өтүү” деген темада тренинг болду.

Бөлүшүү

Комментарийлер