КМТУ ЖАШЫЛДАНДЫРЫЛДЫ

  • 20.03.2024
  • 0

Бүгүн, 20-мартта И.Раззаков атындагы КМТУда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген “Жашыл Мурас” улуттук акциясынын алкагында бак-дарактар отургузулду.

КМТУ ЖАШЫЛДАНДЫРЫЛДЫ

Иш-чараны КР Билим берүү жана илим министринин орун басары М.У.Касымалиев жана ректор М.К.Чыныбаев ачты.

Студенттер, окутуучулар жана башкы корпустун кызматкерлери гана эмес, филиалдар да онлайн кошулуп, кампустарда ар кандай бак-дарактарды отургузушту.

Жыл сайын өтүүчү иш-чара экологиялык туруктуулукту жана жашыл чөйрөнү жайылтууга көмөктөшөт. Бул маанилүү долбоордун ийгиликтүү ишке ашырылышын камсыз кылуу, отургузулган бак-дарактардын өсүшүн мындан ары көзөмөлгө алуу болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер