КМТУ ЫСЫК-КӨЛДӨ ӨТКӨН ИРИ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРАЛАРДА ИЗИЛДӨӨЛӨРҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫН СУНУШТАДЫ

  • 19.08.2026
  • 0

18-августта Ысык-Көлдүн жээгинде «Digital Belt and Road» (DBAR2026) 10-эл аралык конференциясынын жана кургак жана жарым кургак аймактарда Жерди байкоо боюнча (ISEO2026) 6-эл аралык симпозиумдун ачылыш аземи болуп өттү. Бул ири эл аралык илимий иш-чараларга И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети тең уюштуруучулардын бири катары катышууда.

18–20-август күндөрүнө белгиленген бул илимий жыйынга дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнөн келген окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана эксперттер катышып жатат. Иш-чаралардын алкагында Жерди аралыктан байкоонун заманбап технологиялары, чоң маалыматтар (Big Data), жасалма интеллект жана туруктуу өнүгүү үчүн санариптик чечимдер сыяктуу актуалдуу маселелер талкууланууда. КМТУ ЫСЫК-КӨЛДӨ ӨТКӨН ИРИ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ ИШ-ЧАРАЛАРДА ИЗИЛДӨӨЛӨРҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫН СУНУШТАДЫ

Иш-чаранын ачылыш аземине КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев катышып, сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал IT-технологияларды ар түрдүү тармактарда, өзгөчө экология, геоинформатика жана геодезия багыттарындагы маселелерди чечүүдө өнүктүрүүнүн жана практикада колдонуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле, ректор эл аралык катышуучуларга университетте ишке ашырылып жаткан DEvision долбоорунун жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, анын алкагында Digital Earth Qualification багыты боюнча атайын окуу модулдары иштелип чыгып жатканын маалымдады. Андан сырткары, геоинформатика жана геодезия багыттарындагы башка илимий долбоорлордун жыйынтыктары менен да тааныштырды.

Университет үчүн Жерди аралыктан изилдөө жана жаратылыш ресурстарына мониторинг жүргүзүү багытындагы изилдөөлөр стратегиялык мааниге ээ. Буга далил катары, иш-чаранын материалдарында КМТУнун Ысык-Көлдү жер үстүндөгү жана спутниктен алынган маалыматтарды пайдалануу менен комплекстүү изилдөөгө байланышкан биргелешкен илимий иштеринин жыйынтыктары көрсөтүлгөн. Окумуштуулардын баамында, бул ыкма көлдүн экосистемасынын абалын так баалоого жана алынган маалыматтарды өз ара салыштырууга кеңири мүмкүнчүлүк берет. Белгилей кетсек, аталган эл аралык иш-чараларга КМТУнун «Информатика жана эсептөө техникасы» кафедрасынын профессору С.А.Аманкулов да катышып, өз тажрыйбасы менен бөлүшүүдө.

Жалпысынан DBAR2026 жана ISEO2026 конференциялары менен симпозиуму эл аралык деңгээлде илимий тажрыйба алмашуу, заманбап санариптик технологияларды талкуулоо, ошондой эле геоинформатика, Жерди аралыктан изилдөө, экология жана туруктуу өнүгүү багыттарында биргелешкен илимий изилдөөлөрдү мындан ары өнүктүрүү үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер