КМТУ УТРК МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

  • 03.02.2023
  • 0

КМТУ УТРК МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору М.Чыныбаев окуу жайдын полиграфия кафедрасынын окутуучулук-профессордук курамы менен биргеликте 3-февралда Улуттук телерадио корпорациясынын башкы директорунун орун басары Б.Тиллебаев менен жолугушту.

КМТУ УТРК МЕНЕН КЫЗМАТТАШАТ

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу менен телекоммуникация, медиатехнология жана информатика эсептөөчү техникалар тармагында кесипкөй инженер адистерди даярдоо жана техникалык багыттагы адистерди даярдоо боюнча билим берүү курстарын ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жыйынтыгында делегациянын мүчөлөрү УТРКнын аппараттык техникалык базасына жана теле берүү студияларына таанышуу экскурсиясы уюштурулду.

Бөлүшүү

Комментарийлер