КМТУ ОСТИМ УНИВЕРСИТЕТИНИН ТАЖРЫЙБАСЫН КОЛДОНОТ

  • 21.07.2022
  • 0

Кыргыз мамлекеттик техникалык университети трансфер технология тармагында Остим техникалык университетинин тажрыйбасын колдонот.

Трансфер технологиялары университеттердин активдерин капиталдаштыруу менен бирге рыноктун жана коомдун реалдуу көйгөйлөрүн чечүүгө түздөн түз таасир тийгизүү менен заманбап талаптарга жооп берүүсүнѳ чоң ѳбѳлгѳ түзѳт. Замандын талабы болгон технопарктын ишмердүүлүгүнүн негизи Трансфер технологиясынын ийгиликтүү ишке ашырылышы болуп саналат. Буга далил болуп Түркия мамлекетинин башкенти Анкара шаарындагы Остим техникалык университетинин трансфер технологиялар борбору бул тармактагы ишке ашырылган моделинин ийгиликтүү иш алып баруусу кѳңүл чордонунан орун алат демекчибиз.

Остим технопаркы жеңил өнөр жайларынын биргелешкен уюмдары менен биргеликте программалык камсыздоо, медициналык секторлордо колдонула турган техникаларды куруу боюнча, электр жана электроника, коргоо бѳлүмдѳрү үчүн бир канча ийгиликтүү дүйнѳлүк банк тарабынан каржыланып, ишке ашырылыган программалык камсыздоо тармагында илимий-техникалык долбоорлорду иштеп чыгуу менен коммерцияларштырып жакшы ийгиликтерге жетишкендиктерин кѳрүүгѳ болот.

Борбор Азиядагы университеттердин өкүлдөрү үчүн Германиянын Эл аралык Кызматташтык Коому (GIZ) тарабынан жана «Борбор Азиядагы экономикалык өсүш секторлору үчүн кесиптик билим берүү» (PESA) аймактык долбоорунун алкагында Остим техникалык университетинин инновациялык инфраструктураларына ушул жылдын июнь айынын 13-16 чейинки күндөрүнө жумушчу иш сапары уюштурулуп, программа дайындалды.
Аталган жумушчу иш сапарга И.Раззаков атындагы КМТУнун өкүлдөрү — илимий иштер жана тышкы байланыштар боюнча проректору Төрөбеков Бекжан, университеттин трансфер технологиялар боюнча координатору, экономикадагы маалыматтык системалар бѳлүмүнүн ага окутуучусу Жусуева Наргиза жана делегациянын курамындагы Алматы техникалык университетинин (Казакстан), Ташкент химия-технологиялык институтунун (Өзбекстан) жана Тажикстандын Технологиялык университетинин (Тажикстан) өкүлдөрү да катышты.

Делегациянын иш сапарынын алгачкы күнү Остим техникалык университеттин ректору, проф. Мурат Юлек менен биргеликте КМТУнун проф. Б.Торобеков эки университет ортосундагы кызматташтыкты тастыктаган мемарандумдун негизинде кызматташтыктын дагы да алдыңкы кадамдарына шарт түзүп, ѳбѳлгѳ болуусуна КМТУ тарабынан сунушталган жаңы иш программасы талкууланып, натыйжада сунушталган программа үчүн Остим техникалык университети тарабынан жооптуу бѳлүм башчылары бекитилди.
Иш сапардын экинчи күнү программанын негизинде делегация Остим Биргелешкен Ѳнөр-жайларынын башкармалчыгынын төрагасы Орхан Айдын мырза менен аталган бѳлүмдүн архитекторлук тармагынын директору Адем Арыжы мырзанын даярдаган иш программасынын алкагында, аталган башкармалыктын карамагында болгон «Титан», «Остим технопарк», «ДС Долумсан», «Исим» ишканаларынын долбоорлорун ишке ашырып, коммерциялаштырылган натыйжаларын тармактык ишканаларда, чакан лабораторияларда жана акселерациалдык борборлорду кѳрсѳтүп, толук маалымат беришти. Ѳзгѳчѳ «Титан» ар тараптуу автоматташтырылган машиналар жана «5G технология жана коммуникация» ишкаларынын жетишкендиктери делегациянын кѳңүлүн бурду.
Иш сапарга байланыштуу техникалык уюштуруу жана экскурсиянын жумушчу сапарынын программасын түзүүдѳ чоң салым кошкон, Остим техникалык университеттин Трансфер технологиялар бѳлүмүнүн директору Гөкхан Топал мырза коштоп жүрдү.
Жыйынтык иретинде аталган иш сапар КМТУнун илим изилдөө тармагынын курамына, стартапчы студенттерге жакшы жетишкендиктердин мүмкүнчүлүгүн түзүү менен бирге эки университет ортосундагы кызматташууну дагы да алдыга чыгарат деген үмүт менен Остим техникалык университетинин ректору проф.Мурат Юлек мырзага жана жалпы курамына терең ыраачылык билдирмекчибиз.

КМТУнун басма сөз кызматы 

Бөлүшүү

Комментарийлер