КМТУ ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮН ӨТКӨРӨТ

  • 14.05.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде абитуриенттер жана алардын ата-энелери үчүн 23-майда саат 10-00дө онлайн форматында  Ачык эшик күнү өтөт. Иш-чараны интернет желесинде www.facebook.com/kstu.kg  баракчасы аркылуу көрсө болот.   

КМТУ ОНЛАЙН РЕЖИМИНДЕ АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮН ӨТКӨРӨТ

Түз эфирде ректор М. Джаманбаевдин расмий кайрылуусу, факультет жана институттардын, колледж жана  университеттин IT гимназиясынын презентациясы пландалган.  Университеттин Кара-Балта, Токмок, Кызыл-Кыя жана Кара-Көл шаарларындагы филиалдарына дагы көңүл бурулат.

Абитуриенттер КМТУнун кампустары менен (тогуз окуу корпусу, үч жатакана, бир нече окуу полигондору, өндүрүш борборлору жана стадион) виртуалдык түрдө тааныша алышат. Өзгөчө басым окуудан тышкаркы студенттик жашоого коюлат.

Катышуучуларга өздүк көркөм чыгармачылыктарында жана ар түрдүү деңгээлдеги спорттук мелдештерде өздөрүнүн жөндөмдөрү менен таланттарын  көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө баяндама берилет. Андан тышкары, катышуучулар илимий изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча аткарылган студенттердин эң мыкты инновациялык иштелмелерин көрө алышат.

Трансляциянын жүрүшүндө угуучулар менен катышуучулар реалдуу убакыт режиминде Facebook желесинде өздөрүнүн суроолорун комментарий аркылуу бере алышат, ошондой эле катышуучуларды алдын ала каттоо жана абитуриенттерди кызыктыруучу суроолор https://forms.gle/turuKBHnuU7HaFz66 шилтемеси боюнча кабыл алынат.

 

www.kstu.kg

 [email protected]

 +996 551 406 054

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер