КМТУ МЕНЕН КЫТАЙДЫН CRBC КОМПАНИЯСЫ ИНЖЕНЕРДИК КАДРЛАРДЫ ДАЯРДОО БОЮНЧА КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮШТУ
- 28.08.2026
- 0
Кыргыз-Кытай инвестициялык форумунун «Кыргызстан – Кытай: туруктуу өнүгүүгө жана жалпы бакубатчылыкка карай жол» аттуу иш-чарасынын алкагында И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Кытайдын China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн ортосунда кызматташуу жөнүндө келишимге кол коюлду.
Документке КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев жана CRBCнин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хусян кол коюшту. Келишимге кол коюу аземине ошондой эле CRBCнин Пекиндеги башкы кеңсесинин башкы директору Ван Лицзюнь катышты. 
Келишимдин негизги максаты — инженердик кадрларды практикалык даярдоону өркүндөтүү жана жол куруу, транспорттук инфраструктура жана курулуш материалдарын өндүрүү багыттарында университет менен компаниянын кызматташтыгын кеңейтүү.
China Road and Bridge Corporation (CRBC) — жолдорду, көпүрөлөрдү, тоннелдерди жана башка транспорттук инфраструктура объектилерин курууга адистешкен эл аралык инженердик-курулуш компаниясы. Компания Кыргыз Республикасында ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга жана заманбап курулуш технологияларын колдонууга катышууда.
Кызматташуунун маанилүү багыттарынын бири — КМТУнун базасында заманбап жол-сыноо лабораториясын түзүү жана жабдуу. Лаборатория студенттердин практикалык даярдыгын жогорулатууга, ошондой эле окуу жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүгө багытталат. 
Мындан тышкары, келишимдин алкагында:
* студенттер, магистранттар жана аспиранттар үчүн өндүрүштүк практика жана стажировкаларды уюштуруу;
* CRBCнин адистерин тартуу менен лекцияларды, семинарларды жана практикалык сабактарды өткөрүү;
* студенттердин жана окутуучулардын илимий-изилдөө долбоорлоруна катышуусун камсыз кылуу;
* курулуш объектилерине барып, заманбап курулуш технологиялары менен таанышуу;
* бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик өнүгүүсү жана келечекте ишке орношуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү каралган. 
КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев:
«Инженерлерди даярдоодо теориялык билим менен катар практикалык көндүмдөргө өзгөчө көңүл буруу маанилүү. CRBC менен кызматташуу студенттерибизге заманбап жабдуулар менен иштөөгө, практикалык тажрыйба топтоого жана ири инфраструктуралык долбоорлордо колдонулган технологиялар менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет».
CRBCнин Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Хоу Хусян:
«Биз КМТУ менен кызматташууну өнүктүрүүгө жана инфраструктура тармагы үчүн квалификациялуу адистерди даярдоого кызыкдарбыз. Университеттин билим берүү потенциалы менен компаниянын практикалык тажрыйбасын айкалыштыруу инженердик кадрларды даярдоонун сапатын жогорулатууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөт».
Келишим беш жылдык мөөнөткө түзүлүп, билим берүү, илим жана транспорттук-инфраструктуралык долбоорлор үчүн инженердик кадрларды практикалык даярдоо багыттарында узак мөөнөттүү кызматташууну карайт.
А.К., «КБ»


Комментарийлер