КМТУ МЕНЕН CHINA ROAD КОМПАНИЯСЫ ИНЖЕНЕРДИК КАДРЛАРДЫ ДАЯРДООДО КЫЗМАТТАШТЫКТЫ КЕҢЕЙТЕТ
- 27.08.2026
- 0
2026-жылдын 24–26-августунда И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана China Road and Bridge Corporation (CRBC) компаниясынын өкүлдөрү биргелешкен иш сапардын алкагында илимий-техникалык кызматташтыкты өнүктүрүү, кесиптик тажрыйба алмашуу жана инженердик кадрларды практикалык багытта даярдоону күчөтүү маселелерин талкуулашты. КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев жетектеген делегациянын курамына Н.Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун, академик У.Асаналиев атындагы Кыргыз тоо-металлургиялык институтунун жана Жол каттамдар институтунун өкүлдөрү кирди. 
Программанын алкагында университеттин өкүлдөрү Ысык-Көл облусундагы бир катар ири инфраструктуралык жана өндүрүштүк объектилерде болушту. Алардын катарында Чолпон-Ата шаарындагы тазалоочу курулмалар, асфальт-бетон заводу, айланма жолдун объектилери, узундугу 75 км болгон Барскоон — Каракол жана 35 км болгон Кырчын капчыгайындагы автомобиль жолдорунун долбоорлору, ошондой эле жол-курулуш сыноо лабораториясы бар. Объектилерди кыдыруу учурунда КМТУнун окутуучулары жол жана тоннель курууда колдонулган заманбап технологиялар, жаңы материалдар, инженердик чечимдер менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. 
Иш сапарда өзгөчө көңүл Барскоон-Бедел автомобиль жолунун долбооруна жана андагы тоннелдин курулушуна бурулду. «Бедел» долбоорунун аянтчасында CRBC компаниясынын адистери менен КМТУнун профессордук-окутуучулук курамынын катышуусунда атайын семинар өткөрүлүп, анда бийик тоолуу шарттарда долбоорду ишке ашыруу өзгөчөлүктөрү, сапатты көзөмөлдөө жана мындан аркы кызматташтыктын перспективалары каралды. Анын ичинде тармактын реалдуу талаптарын эске алуу менен инженердик кадрларды даярдоо, студенттердин өндүрүштүк практикасын компаниянын объектилеринде уюштуруу маселелери башкы темага айланды. Бул формат студенттерге практикалык тажрыйба топтоп, заманбап технологиялар менен түздөн-түз иштөөсүнө шарт түзөрү белгиленди. 
Мындан тышкары, «Көпүрөлөрдү жана тоннелдерди куруу жана эксплуатациялоо» багыты боюнча жаңы магистрдик билим берүү программасын иштеп чыгуу каралып, анын мазмунун калыптандырууга CRBC компаниясынын адистерин тартуу макулдашылды. КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев белгилегендей, бул кызматташуу инженердик билим берүүнүн практикалык багытын күчөтүүгө жана адистерди даярдоону тармактын реалдуу талаптарына жакындатууга чоң өбөлгө түзөт. Университет студенттердин өндүрүштүк практикасын кеңейтүүгө, окутуучулар менен компаниянын адистеринин ортосунда тажрыйба алмашууга жана биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгууга өзгөчө кызыкдар экендигин билдирди. 
Жыйынтыгында тараптар студенттердин өндүрүштүк практикасын уюштуруу, билим берүү программаларын өнүктүрүү жана биргелешкен илимий-техникалык демилгелерди ишке ашыруу багытында бекем кызматташууну улантууга келишишти.
Маалымат катары белгилей кетсек, China Road and Bridge Corporation (CRBC) — автомобиль жолдорун, көпүрө, тоннель жана башка транспорттук инфраструктура объектилерин курууга адистешкен ири эл аралык инженердик-курулуш компаниясы болуп саналат.
А.К., «КБ»
Комментарийлер