КМТУ кытай университети менен кызматташат

  • 24.10.2024
  • 0

Бүгүн, 24-октябрда Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору М.К. Чыныбаев жана КМТУнун Тоо-кен институтунун директору А.Р. Абдиев Хэбэй мунай кесиптик-техникалык университети (КЭР) менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду.

КМТУ кытай университети менен кызматташат

Кытай университетинин атынан меморандумга ректор Юй Ли Го, кесиптик даярдоо бөлүмүнүн директору Чжан Чэн Гуан жана эл аралык алмашуу борборунун директору У Эр Ган кол коюшту.

Бул меморандум эки университеттин ортосундагы билим берүү жана илимий байланыштарды чыңдоого багытталган.

Келишим өз ара академиялык алмашууларды уюштурууну, окутуучулар менен студенттерди даярдоону, биргелешкен илимий-изилдөө долбоорлорун ишке ашырууну, ошондой эле заманбап окуу программаларын иштеп чыгууну камтыйт.

КМТУ кытай университети менен кызматташат

Эки тараптык ызматташуу билим берүүнүн сапатын жогорулатууга жана учурдагы шарттарда зарыл болгон техникалык көндүмдөрдү өнүктүрүүгө маанилүү кадам болот.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер