КМТУ Бразилияда өтө турган Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогуна катышат

  • 09.06.2026
  • 0
Жаштар ишкердигин өнүктүрүүгө багытталган «Expo жаштар стартаптары – 2026» улуттук сынагынын алкагында Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Enactus КМТУ командасы чоң ийгиликке жетишти.
КМТУ Бразилияда өтө турган Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогуна катышат
Сынактын Early Stage багыты боюнча өткөн таймашта Enactus КМТУ командасы жеңүүчү аталып, калыстар тобунун жогорку баасына ээ болду. Натыйжада команда Кыргызстандын атынан эл аралык деңгээлде өз долбоорун көрсөтүү укугуна ээ болду.
КМТУ Бразилияда өтө турган Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогуна катышат
Эми Enactus КМТУ командасы 2026-жылдын 16–19-ноябрь күндөрү Бразилиянын Сан-Паулу шаарында өтө турган Enactus World Cup 2026 дүйнөлүк кубогунун алкагындагы Early Stage категориясында Кыргызстандын намысын коргойт.
Айта кетсек, аталган сынакка өлкөнүн 30 жогорку окуу жайынан келген командалар катышып, өздөрүнүн инновациялык жана социалдык мааниге ээ долбоорлорун сунушташты. Катышуучулар ишкердик, инновация жана туруктуу өнүгүү багытындагы демилгелери менен күч сынашты.
Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген жаш ишкерлерди, новаторлорду жана стартап-командаларды бириктирген бул абройлуу иш-чара тажрыйба алмашуу, жаңы байланыштарды түзүү жана инновациялык долбоорлорду дүйнөлүк деңгээлде таанытуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.
Белгилей кетсек, «Expo жаштар стартаптары – 2026» сынагы алгачкы жолу Enactus Кыргызстан уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги менен биргеликте уюштурулду.
Иш-чаранын ачылыш жана жыйынтыктоо аземине Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова катышып, жаштар ишкердигин өнүктүрүүнүн, инновацияларды колдоонун жана студенттик демилгелерди илгерилетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Бөлүшүү

Комментарийлер