КМШНЫН ЭҢ МЫКТЫ ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫНА СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 22.05.2021
  • 0
Билим берүү жана илим министрлигинде 2021-жылдын 20-майында «Көз карандысыздыкка 30 жыл: кызматташтыктын 30 жылы» аталышында эл аралык конференция жана КМШнын жаш окумуштууларынын «Эң мыкты жаш окумуштуулар – 2021» эл аралык китеп коллекциясынын үчүнчү санынын бет ачары болуп өттү.

КМШНЫН ЭҢ МЫКТЫ ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫНА СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫКонференциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Айгүл Абдраева, министрликтин илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башчысы Гүлзада Билбаева жана ««Бөбек» жалпы улуттук кыймылы» эл аралык уюмунун жетекчиси Еркебулан Абиев 2021-жылдагы КМШнын жаш окумуштууларына I даражадагы дипломдорду, төш белгилерди жана кыргызстандык жаш илимпоздордун эн мыкты илимий иштери камтылган китеп басылмасын тапшырышты.

КМШНЫН ЭҢ МЫКТЫ ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫНА СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Конференциянын жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен ««Бөбек» жалпы улуттук кыймылы» ассоциациясы формасындагы Юридикалык жактардын бирикмесинин ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Меморандумдун максаты эл аралык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо, илимий билимдерди жайылтуу, илимий басылмалардын жогорку стандарттарын колдоо, илимдин дүйнөлүк маалыматтык илимий мейкиндикке интеграцияланышына көмөктөшүү, ошондой эле билим берүү жана илим жаатында биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү болуп саналат.

КМШНЫН ЭҢ МЫКТЫ ЖАШ ОКУМУШТУУЛАРЫНА СЫЙЛЫКТАР ТАПШЫРЫЛДЫ

Конференциялардын катышуучулары бул кадам КМШ аймагында Кыргызстандын илиминин өнүгүшү үчүн келечектүү башталыш экенин белгилешти.

Бөлүшүү

Комментарийлер