КМШ оюндары: Кыргызстандык балбан Абдымалик Карачов коло медаль утту

  • 10.08.2023
  • 0

КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарындаКыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мүчөсү Абдымалик Карачов коло медаль жеңди. Ал  61 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты.

Кыргыз балбаны мелдештин 4/1 финалында өзбекстандык спортчуну 7:4 эсебинде жеңди. Ал эми жарым финалда Абдымалик Карачов россиялык балбан Александр Сабанов менен кез келип, жеңилүү ызасын тартты.

Коло үчүн мелдеште кыргыз балбаны түркмөн спортчусу Желалетдин Сеидов менен күч сынашып, бир дагы мүмкүнчүлүк бербестен 10:0 эсебинде коло медалды илип кетти.

Бөлүшүү

Комментарийлер