КМШ өлкөлөрүндө билим берүүдөгү кызматташтык

  • 12.11.2024
  • 0

Бишкекте КМШга мүчө мамлекеттердин билим берүү тармагындагы кызматташуу форуму өтүүдө. Иш-чарага билим берүү министрлери, КМШ өлкөлөрүнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, ошондой эле билим берүү тармагындагы алдыңкы эксперттер катышып жатат. 

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева форумда санариптештирүү, мектептик жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, ошондой эле кадрларды кесиптик жактан даярдоо жана кайра даярдоо маселелерине өзгөчө көңүл буруларына токтолду.

КМШ өлкөлөрүндө билим берүүдөгү кызматташтык

“Бул форум билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналган. Беш өлкөдөн 22 киши катышып жатат. Максатыбыз — билим берүү мейкиндигиндеги ийгиликтерди бирге жаратуу, алдыңкы тажрыйбаларды алуу, бала бакчадан баштап илим чөйрөсүнө чейин кызматташуу”, – деди министр.

Министрдин айтымында, Кыргызстан санариптештирүү, экологиялык билим жана көндүмдөрдү калыптандыруу, мектеп тамак-ашын жакшыртуу сыяктуу тажрыйбаларын алуу, чоңдорду үзгүлтүксүз окутуу, башкача айтканда, мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттыруу, жогорулатууда алдыңкы технологияларды үйрөнүп алуу.

«Буга чейин Россиянын тармактык тамактануу институту менен биргеликте мектептерде ысык тамак уюштуруу үчүн рецепттер китебин чыгарып, мектеп ашканаларына таратканбыз. Бул китеп мектеп ашпозчулары үчүн эң сонун табылга болуп берүүдө. Бул программанын алкагында көптөгөн мектептер заманбап ашкана жабдуулары, байытылган азык-түлүк менен камсыз болду. Мындан сырткары,  ашпозчулар окуудан өтүп жатат», — деп кошумчалады Д. Кендирбаева.

КМШ өлкөлөрүндө билим берүүдөгү кызматташтык

Саясий, гуманитардык жана социалдык чөйрөлөрдөгү кызматташтык бөлүмүнүн кеңешчиси, Кеңештин катчылыгынын жетекчисинин орун басары Казак Галина форум КМШ мамлекеттеринин ортосундагы билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган, максатыбыз — ар бир өлкөдөгү жакшы жетишкендиктер менен бөлүшүп иш алып баруу деди.

КМШ өлкөлөрүндө билим берүүдөгү кызматташтык

Беларусь Республикасынын Республикалык кесиптик билим берүү институтунун ректору В. Голубовский КМШга мүчө мамлекеттердин билим берүү программаларын өнүктүрүү, илимий-изилдөө жана маданий байланыштарды чыңдоо, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча кол коюлган кызматташуу келишимдеринин алкагында кесиптик-техникалык билим берүү жана окутуу жаатында кызматташтыгын бекемдөө керек деди.

Ал ошондой эле жыйындын Бишкекте өтүп жатышы КМШ өлкөлөрүнүн билим берүү жаатындагы жалпы милдеттерди чечүүдө күч-аракеттерди бириктирүүгө жана өлкөлөрдүн ортосундагы билим берүү жаатындагы байланыштарды андан ары өнүктүрүүгө умтулгандыгын айгинелейт деп кошумчалады.

Эскерте кетсек, буга чейин Минскиде өткөн отурумда 18 маселе каралган. Бүгүнкү форумда катышуучулар билим берүү системасын өнүктүрүү, окуу процессине заманбап технологияларды жана инновацияларды киргизүү маселелерин талкуулап, ошондой эле биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруунун келечегин карашууда.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө мамлекеттердин билим берүү тармагындагы кызматташтык кеңешине былтыр Беларусь Республикасы төрагалык кылган. Кыргызстан быйыл башка өлкөгө өткөрүп берет.

Эльвира Какиева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер