КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН “ЭҢ МЫКТЫ ПЕДАГОГУ -2021”

  • 17.12.2021
  • 0

2021-жылдын 29-ноябрында өтүүчү Окумуштуулар Кеңеши сыйлык тапшыруу аземи менен өзгөчө маанайда башталды.

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештиги (КМШ) тарабынан жарыяланган илимий-билим берүү мекемелеринин арасында “Лучшие в образовании -2021” аттуу I Эл аралык конкурста КМШ боюнча III даражадагы диплом менен, ошондой эле, “Лучший педагог — 2021” Содружества Независимых Государств” төш белгиси менен Мамлекеттик, расмий жана чет тилдер кафедрасынын башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты, профессордун милдетин аткаруучу Жапаралиева Назира Жакыповна илим жана билим берүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды.

КМШ ӨЛКӨЛӨРҮНҮН “ЭҢ МЫКТЫ ПЕДАГОГУ -2021”

М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин ректору Кадыралиев Алмаз Токтобекович: “КМШ өлкөлөрүнөн Кыргызстан, анын ичинен КЭУнун беделин көтөрүүдө, бул жеңиштин маанилүү экендигин белгиледи”.

Назира Жакыповна 30 жылдан бери үзгүлтүксүз билим берүү чөйрөсүндө талыкпай эмгектенип келет. Ошол эмгектин бир үзүму катары билүүгө болот.

М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун ректораты Жапаралиева Назира Жакыповнага ийгилик каалоо менен ыраазычылык билдиришти!

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер