КММИУнун РЕКТОРУНУН КЫЗМАТЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

  • 13.12.2022
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору бош кызмат ордуна сынак жарыялайт.

КММИУнун РЕКТОРУНУН КЫЗМАТЫНА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНДЫ

ЖОЖдун ректору кызматына квалификациялык талаптар:

1) жогорку кесиптик билим;

2) окумуштуулук даражасынын жана окумуштуулук наамынын болушу (илимдин кандидаты/доктору, доцент);

3) илимий же илимий-педагогикалык иш тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес.

Толугураак — https://edu.gov.kg/announcements/175/

Документтерди кабыл алуунун башталышы: 2022-жылдын 13-декабры.

Документтерди кабыл алуунун акыркы мөөнөтү: 2022-жылдын 26-декабры саат 18:00

Дареги: Бишкек шаары, К.Тыныстанов көчөсү 257. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 210-кабинет.

Сурап ​​билүү телефону: +996(312)66-47-19, Адам ресурстарын башкаруу боюнча бөлүмдүн адиси Калия Серкебаева.

Бөлүшүү

Комментарийлер