КММИУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖАНА СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК КИНОФОРУМГА КАТЫШТЫ

  • 02.10.2023
  • 0

Москва шаарындагы С.А.Герасимов атындагы бүткүл россиялык кинематография институту өткөргөн кино багытында билим берген окуу жайлардын эл аралык форумуна КММИУнун Кино жана ТВ факультетинин студенттери жана окутуучулары катышып келди.

КММИУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖАНА СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК КИНОФОРУМГА КАТЫШТЫ

Окуу жайдын ректору Т.Колдошовдун маалыматы боюнч, КжТ факультетинин деканы Эркин Шейшеналиев, окутуучулар Айбек Жангазиев, Күлчоро Нурсейитовдор форумда доклад жасап, талкууларга катышса, студенттер Ли Константин, Дамир Эркебаев, Асылбек Эсенгулов, Рыскелди Артелбековдор фестивалда өздөрү жараткан эмгектерин жарышка коюп, презентация жасашты.

Студент Ли Константиндин чыгармасы калыстардын жогорку баасына арзып,  атайын дипломго ээ болду.

КММИУнун КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ЖАНА СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК КИНОФОРУМГА КАТЫШТЫ

— Биз сентябрдын аягында Москва шаарында эл аралык форумга катышып, өзүбүз үчүн, студенттер үчүн чоң тажрыйба алып келдик десем болот. Бул форумдун алкагында С.А.Герасимов атындагы Бүткүл россиялык кинематография игституту менен кенен таанышууга мүмкүндүк болду. Ректор биздин делегацияны өзү кабыл алып, атайын белектерин тапшырды. Келечекте тыгыз кызматташуу тууралуу ниетин билдирди, — деди КжТ факультетинин деканы Э.Шейшеналиев.

Бул форум-фестивалга Азербайжан, Армения, Грузия, Беларусия, Казакстан, Өзбекстан,Тажикстан, Кыргызстан жана Россия мамлекеттериндеги  кинематография тармагы боюнча адистерди даярдаган жогорку окуу жайлардын студенттери кызматкерлери катышкан.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер