КММИУ — ЖИГЕРДҮҮ ЖАШТЫКТЫН ЖАНА ЖАРАТМАНДЫКТЫН ГАРМОНИЯСЫ

  • 02.06.2023
  • 0

КММИУ - ЖИГЕРДҮҮ ЖАШТЫКТЫН ЖАНА ЖАРАТМАНДЫКТЫН ГАРМОНИЯСЫ

Бүбүсара Бейшеналиева атындагы  Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети 2023-2024-окуу жылына төмөнкү адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алууну жарыялайт.

КММИУ - ЖИГЕРДҮҮ ЖАШТЫКТЫН ЖАНА ЖАРАТМАНДЫКТЫН ГАРМОНИЯСЫ

КММИУнун эшиги таланттууларга дайым ачык

Урматтуу абитуриент, сүйүктүү келечек ээлери, жаш достор! Силер бүгүн өмүрүңөрдөгү эң маанилүү тандоону жасаганы турасыңар! Тандоодон бир гана жүрөк жаңылбайт! Кечээ пристиждүү, кирешелүү делген кайсыл бир кесип бүгүн эскирген, актуалдуулугу жоголгон динамикалуу, буркан-шаркан түшкөн заманда жашап жатабыз. Бирок, кылымдар бою эч качан өзгөрбөгөн, баа-баркы түшпөгөн кесиптер бар. Ал өнөргө негизделген кесип.

Кыргыз эли өнөргө бай эл. Эпос, дастан, ыр-бий, күү аркылуу не деген кең ааламды жүрөктөргө батырат. Байыртадан эл тагдырын чечүүдө акылман-чечендер, ыроочу-нускоочулар, өнөрпоздор негизги ролду аткарган. Кет Буканын күү аркылуу кабар угузганы эле не деген улуу дүйнө.

Бүгүнкү ааламдашуу заманында адамдык насилди, улуттук наркты коргоп калуу үчүн өнөр-санат адамдары  чыныгы баатыр жоокер. Өлкө аларга дайым муктаж. Жакшы кино, мыкты спектакль, мукам обон, мазмуну терең ыр, жүрөк кылын черткен күүлөр инсанды жамандыктан кайтарып, жакшылыкка чакырат, адамдын адебин оңдоп, дил, тил байлыгын коргойт. Мына ошол руханий жоокерлерди тарбиялаган өлкөдөгү адистешкен жалгыз жогорку окуу жай – биздин университет.

Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети Кыргыз ССРинин Министрлер Советинин 1967-жылдын 12-августундагы №7771 токтому менен КМИИ болуп түзүлүп, 1974-жылдын 28-январындагы №21 токтому менен СССРдин Эл артисти Бүбүсара Бейшеналиеванын аты ыйгарылган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 28-августундагы №470 жарлыгы менен окуу жайдын аталышы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети болуп макамы кошо өзгөртүлдү.

Окуу жай 56 жылдан бери миңдеген таланттуу өнөрпоздорду тарбиялап, кыргыз маданиятынын бардык боштуктарын толтуруп келе жатат. Улуттук опера-балет театры, Улуттук филармония, Улуттук академиялык драма театры, аймактардагы театр, филармониялар, кесиптик орто окуу жайлар, таланттуу балдар мектептери сыяктуу мекемелерди кесипкөй адистер менен камсыз кылууда. Өлкөгө кызмат кылган көптөгөн эл артисттерди, эмгек сиңирген артисттерди, чыгаан таланттарды тарбиялады. Учурда да тарбиялап жатат. Алыскы жана жакынкы чет өлкөдөн жүздөгөн илим-өнөр изденүүчүлөр келип билим алууда. Биздеги эң чоң байлык – адам ресурсу. Окуу жайда кесипкөй адистер, чыгаан таланттар эмгектенет. Сиздер теледен көрүп, радиодон үнүн уккан бийик инсандар күн сайын окуу жайдын короосуна кирип-чыгып, студенттерге таалим берет.

КММИУ алдыга көп максаттарды койгон. Заманбап билим берүү моделин түзүп, эл аралык мейкиндикке жол алуу үчүн беш жылдык стратегиялык план иштелип чыкты. Университет өз алдынча каражат таап, билим экспорттоочу, өнөр-санат менен кызмат көрсөтүүчү чоң мекемеге айлануу үчүн бар күчүн жумшап жатат.

Урматтуу абитуриент, “Өнөр-илим үйрөнүүгө коротулган убакыт өтүп кеткен менен анын жемиши өмүр бою өзүң менен кошо жашайт”, — деп айтылат. Жүрөктү тыңдап, өзүң каалаган, жан дүйнөңө жакын адистикти танда. Биз сенин тандооңду кубаттайбыз! Кел, дүйнөнү багындыр! Чыгаан инсандарды устат тут, өмүрүңдү көрккө бөлөй турган өнөр-билим үйрөн! КММИУнун эшиги таланттууларга дайым ачык!

Т.Р.Колдошов,
Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору, филология илимдеринин кандидаты, доцент

Музыка факультети:

► Хор коллективинин менеджери, педагог;

► Оркестр коллективинин менеджери, педагог;

► Фольклордук-этнографиялык ансамблдин менеджери, педагог;

► Эстрадалык-үйлөмө аспаптар коллективинин менеджери, педагог;

► Эстрадалык ансамблдин менеджери, солист, педагог;

► Музыка мугалими (бакалавр).

Кирүү талабы боюнча ар бир адистикке байланыштуу жөндөмүн текшерүү, коллоквиум.

Атайын музыкалык орто билими бар  абитуриенттер дирижёрлук кылуу, музыка теориясы жана сольфеджио боюнча экзамендерди  тапшырышат.

 

Театр факультети:

► Драма жана кино актеру, педагог;

► Драмалык режиссер, педагог;

► Куурчак театрынын режиссеру, педагог (сырттан  окутуу);

► Театр таануучу, педагог.

Кино жана телекөрсөтүү  факультети:

► Телекөрсөтүү жана радио уктуруу режиссёру, педагог;

► Кино жана телекөрсөтүү оператору, педагог;

► Кино жана телевидениенин  үн режиссёру, педагог;

► Кино жана телефильмдин режиссёру, педагог;

► Адабий..чыгармачылык..(киносценарист), педагог.

► Кино таануучу, педагог.

Социалдык-маданий ишмердиги факультети:

► Социалдык-маданий ишмердигинин менеджери;

► Хореографиялык коллективинин менеджери, педагог;

► Хореография педагогу.

Баардык  абитуриенттер  адистиги боюнча экзамендерден тышкары кыргыз же орус тилинен  жат жазуу жазышат.

Сырттан окутуу жана Дистанттык билим берүү:

Тандалган адистиги боюнча атайын же жалпы орто билими жана жогорку билими барлар кабыл алынат.

Университетке..тапшыруучу..абитуриенттерден жалпы республикалык тесттин сертификаты талап кылынбайт.

Абитуриенттер..мамлекеттик..бюджеттин жана контракттын негизинде кабыл алынат.

Контракт төлөм акысы Кыргызстандагы эң арзан: 1-курстар үчүн 26360 (жыйырма алты миң үч миң алтымыш) сом.

Алыстан келген студенттер жатакана менен камсыз болушат.

Документтер.2023-жылдын 1-июлунан, 23-июлуна чейин кабыл алынат. Кирүү экзамендери 2023-жылдын 25-июлунан башталат.

Талап кылынуучу документтер:

  • Орто же атайын орто билими жөнүндө аттестат же диплом (түп нускасы);
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  • 0-86у формасындагы медициналык маалымат;
  • Паспорт, аскердик китепче же каттоо күбөлүгү;
  • Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (эмгек стажы барлар үчүн).

АЧКЫЧ СӨЗДӨР

Ноталарды сүйлөт, сезим кылдарын черт, жан дүйнөлөргө жарык чач!

Сиз сахна падышасы боло аласыз!  Ал тактыны Сизден эч ким тартып ала албайт.

Сиз экран аркылуу жүрөктөргө кирип барасыз. Кандай сонун, биз Сиз менен адамдарды толкундантабыз, ыйлатабыз, кубантабыз!

Кайталангыс кечелер, концерттер, оюн-зооктор уюштурулуусу керек. Аны Сиз уюштурасыз. Кел, алгач окуп үйрөнөлү!

Дареги; Бишкек ш., К. Жантөшов көч.,.113,..(Жукеев-Пудовкин..көчөсүнүн кесилишинде), Тел.: 312 57-03-79; (996) 500-70-85-61, (996) 559 59-79-78; (996) 706-337-788, @kguki_kg; www.kguki.kg  e-mail: [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер