КММАНЫН СТУДЕНТТЕРИ «УЛУТ  KG» ДОЛБООРУНУН  СЫЙЛЫГЫНА ЭЭ БОЛУШТУ

  • 21.12.2021
  • 0

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттери «Улут kg» долбоорунун  алкагындагы үн жаздыруу жана каталарды оңдоо иштерине кыргыз тили кафедрасынын улук окутуучусу Нурида Касымбекованын жетекчилиги менен бир жыл бою жигердүү катышып келишкен. Бул ишке өлкөдөгү бир нече жогорку окуу жай тартылган.

Эки баскычтуу долбоор жыйынтыкталып, эң мыкты көрсөткүчтү камсыздаган студенттерге акчалай сыйлыктар ыйгарылды.

Баса белгилей кетчү жагдай, сыйлыктын жалпы фондун 47 000 сомду түзсө, КММАнын студенттери анын 43 300 сомуна ээ болушту.

17-декабрда окуу иштери боюнча проректор, академик Кеңешбек Ырысов студенттерди шыктандырган, ийгиликке үндөгөн каалоо-тилектерин айтып, аталган сыйлыкты тапшырды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер