КММАНЫН СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК ОЛИМПИАДАГА КАТЫШТЫ

  • 24.05.2022
  • 0

И.К.Ахунбаев атындагы КММАнын студенттер командасы онкология боюнча Бүткүл россиялык олимпиадага катышты.

Сеченов атындагы университетке 12 мыкты команда катышты. Болочок дарыгерлер өздөрүнүн билимдерин, жөндөмдөрүн көрсөтүп, олимпиаданын практикалык этабында студенттер шишикти алып салышты.

Тандоо турунда Орусиянын бардык аймактарынан 52 команда ат салышты. Финалга 12си гана чыгып, КММАнын командасы төртүнчү орунду ээледи.

«Албетте, биз чоң кызыгуу жана көңүл буруу менен жөндөмдүү балдарды белгилейбиз. Бул олимпиада үч баскычтуу тандоо аркылуу өткөндүктөн, эң жөндөмдүү  студенттер гана келишти. Ал эми биз аларга сунуш берүүгө азыртадан эле даярбыз», — деди Россия илимдер академиясынын академиги, И.М.Сеченов атындагы ПММУнун онкология борборунун директору  Игорь Решетов.

Бөлүшүү

Комментарийлер