КММАНЫН ОРДИНАТОРУНА КУСЕЙИН КАРАСАЕВ МЕДАЛЫ ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 28.04.2021
  • 0

27-апрелде Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы, Бишкек мамлекеттик университетинин ректору Абдылда Мусаев  кыргыздын чыгаан аалымынын мурастарын иликтеп, эл арасына жайылтуу боюнча астейдил аракеттенип жүргөн  Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ординатору Алихан Ибраимовго Кусейин Карасаев медалын тапшырды.

Профессор А.Мусаев  жаш окумуштууга  албан-албан чыгармачылык, изилдөөчүлүк  ийгилик каалады.  Сыйлоо аземине  БГУнун жетекчилери, окутуучулары катышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер