КММАНЫН ОКУТУУЧУЛАРЫ МАНАСЧЫ ДӨӨЛӨТ СЫДЫКОВДУН ФЕНОМЕНИН ИЗИЛДЕП ЖАТЫШАТ

  • 13.11.2020
  • 0

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын тийиштүү кафедрасынын окутуучулары кечээ, 12-ноябрда 14 сааттан ашуун убакыт тынымсыз “Манас” эпосун айткан манасчы Дөөлөт Сыдыковдун феноменин медициналык багытта изилдеп жатышат. Алар манасчынын “Манас” айтууга чейинки жана айткандан кийинки абалындагы өзгөрүүлөрдү салыштыруу максатында андан эки жолу кан анализин алышты.

Адистердин айтымына караганда, анализдер атайын лабораторияга жиберилген. Жыйынтыгы жакынкы мезгилде чыгат жана жарыяланат.

          КММАнын басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер