КММАнын  КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ АРНАЛГАН МАКАЛАЛАР СЫНАГЫНДА СЫЙЛЫККА ЭЭ БОЛДУ

  • 23.12.2021
  • 0

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Сапаргүл Наралиеванын  “Медициналык окуу жайлардагы улуттук идеология” жана кыргыз тили кафедрасынын окутуучусу Алтынай Акылбекованын  “Канткенде кыргыз тилин өнүктүрө алабыз?”  деген макалалары  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын 32 жылдыгына карата Улуттук тил комиссиясы тарабынан өткөрүлгөн  макалалар сынагында жогору баага татыды.

КММАнын  КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ АРНАЛГАН МАКАЛАЛАР СЫНАГЫНДА СЫЙЛЫККА ЭЭ БОЛДУСынак жалпы 60 макала келип түшкөн. Ага Кыргызстандын бардык жерлеринен  мектеп окуучулары, студенттер, орто жана жогорку окуу жайлардын окутуучулары, журналисттер, аспиранттар, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер катышты.

Макалалар актуалдуулугу жана жаңычылдыгы, сабаты (орфографиясы), оригиналдуулугу, талдоо чеберчилиги (анализ) боюнча бааланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер