КММАНЫН БҮТҮРҮҮЧҮСҮ ИНДИЯНЫН МЕДИЦИНАЛЫК КЕҢЕШИНИН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ЭКЗАМЕНИНЕН ЖОГОРКУ ЖЫЙЫНТЫККА ЭЭ БОЛДУ

  • 06.02.2023
  • 0

КММАНЫН БҮТҮРҮҮЧҮСҮ ИНДИЯНЫН МЕДИЦИНАЛЫК КЕҢЕШИНИН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ЭКЗАМЕНИНЕН ЖОГОРКУ ЖЫЙЫНТЫККА ЭЭ БОЛДУ

КММАнын 2022 жылдагы бүтүрүүчүсү, Индиядан келген доктор Варда Навед 2023-жылдын январында өткөн Индиянын Медициналык Кеңешинин — Чет элдик медициналык бүтүрүүчүлөрдүн экзаменинде (FMGE ) жогорку жыйынтыкка ээ болду.

Белгилей кетсек, бул тест чет өлкөлүк медициналык университеттердин бүтүрүүчүлөрү үчүн, өлкөдөгү медициналык ишмердүүлүккө кирүү үчүн уруксат алуу үчүн арналган жана эң татаал сынактардын бири болуп саналат.

Квалификацияга ээ болуу үчүн талапкерлер 300 баллдын 150нөн кем эмес упай топтошу керек. Минималдуу упайларды алган квалификациялуу талапкерлерге Индияда дарыланууга мүмкүнчүлүк берүүчү өтүү сертификаты берилет.

КММАнын бүтүрүүчүсү алган 240 балл келечектеги дарыгердин даярдыгынын жетишээрлик жогорку көрсөткүчү болуп саналат жана Медакадемияда сапаттуу медициналык билим берээрин далилдейт.

Бөлүшүү

Комментарийлер