КММА МЕНЕН ТАЛМУ КОНОК ЛЕКЦИЯЛАР АРКЫЛУУ БАЙЛАНЫШЫН ЧЫҢДООДО 

  • 17.12.2021
  • 0

16-декабрда  Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен Талас мамлекеттик университетинин ортосундагы келишимдердин негизинде конок-лекция уюштурулуп, КММанын окутуучусу К.Раимкулов ТалМУнун  студенттерине протозоология, гельминтология жана арахноэнтомология дисциплиналары боюнча лекция окуп келди.  

КММА МЕНЕН ТАЛМУ КОНОК ЛЕКЦИЯЛАР АРКЫЛУУ БАЙЛАНЫШЫН ЧЫҢДООДО 

Курсанбек Мамасалиевич өзүнүн лекциясында ТалМУнун окутуучуларына жана  студенттерине медициналык паразитологиянын протозоология, гельминтология жана арахноэнтомология дисциплиналары боюнча, анын ичинде мите курт ооруларынын актуалдуулугу, бүгүнкү күндөгү эпидемиологиялык кырдаалы, адам баласы үчүн өтө коркунучтуу оору экендиги, мите курт ооруларынын негизги таркалуу, жугуу себептери, мите курт ооруларынын медициналык мааниси жана алардан кантип сактануунун жолдору жөнүндө маалыматтарды студенттерге кенири, жеткиликтүү айтып берүү менен лекцияга байланыштуу видео-тасмаларды көрсөтүп берди.

Лектор өз лекциясын практикалык сабак менен коштоп, студенттер микроскоп аркылуу ар бир курттун өзүн жана жумурткаларын көрүп, алган билимдерин практика жүзүндө бекемдей алышты. Ошону менен катар, студенттер берген суроолорго жооп берип, студенттер ортосунда чоң дискуция  уюштурду.

Айта кетсек, конок-лекцияга студенттерден сырткары табият таануу кафедрасынын жалпы окутуучулар жамааты жана Талас райондор аралык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгер-паразитологу А.Курманбаева, энтомологу А.Исраилов да  катышты.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер