КМКТАУНУН СТУДЕНТТЕРИ КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ

  • 13.12.2021
  • 0

Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетиде «Студенттер коррупцияга каршы!» аттуу студенттер арасында ар түрдүү багыттагы иш-чаралар болуп өттү.

Иш-чаралардын алгачкысы болуп “Мен таза болсом,сен таза болсон коом да таза болот!” деген аталыштагы тегерек   стол өтүп, анда студенттер Кыргызстанда жана дүйнөлүк коомчулукта  коррупцияны кантип жоебуз деген көйгөйлүү маселеге абдан олуттуу, мазмундуу ойлорун ортого салышты. Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер  И.Раззаковдун учкул сөздөрүнө, накыл кептерине токтолушуп, ар бир адам инсандык сапатын калыптандырууга, ак иштеп, адал эмгек кылууга, татыктуу билимге жана тартипке умтулуу керектигине токтолушту. Эксперт катарында кыргыз тили жана адабияты  кафедрасынын улук окутуучулары З.Борсунбаева  жана Н. Молдалиева катышты.

“Студенттер коррупцияга каршы!”  деген аталыштагы видеоролик (слайд) жана    флешмоб сынагында БИС-1-21 тайпасынын студенттери I орунду (жетек. Н.Молдалиева); II орунду АИЭ-1-21 тайпасы (жетекчиси З.Борсунбаева); III орунду МКЛ-2-21 тайпасы (жетекчиси А.Бариева) жеңип алып, баалуу белектер менен сыйланды.

“Коррупция” темасы боюнча студенттер арасында плакаттардын көргөзмө-сынагында I орунду  АРХэ-5-21 тайпасы,  II орунду  ХПК-2-21 тайпасы,   III орунду БИС-1-21 тайпасы жеңишке жетишти.

 

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер