КМКТАУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ СЫЙЛЫК АЛЫШТЫ

  • 01.03.2021
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучулары Эл аралык эне тил күнүнө карата жана  Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын сыйлыктарына татышты.

«Кыргыз тил» төш белгиси менен кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, ф.и.к., доцент Карыбекова Майрамкүл жана улук окутуучусу Борсунбаева Зуура сыйланышты, ошондой эле аталган кафедранын улук окутуучусу Бариева Аида  Ардак грамота менен сыйланды.

Бөлүшүү

Комментарийлер