КМКТАУНУН ОКУТУУЧУЛАРЫ ЭЛ АРАЛЫК ОНЛАЙН МЕКТЕПКЕ КАТЫШУУДА

  • 18.11.2021
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин ташууну уюштуруу жана кыймылдын коопсуздугу кафедрасынын окутуучулары, студенттери жана магистранттары SUMRICA (Sustainable urban mobility research of Central Asia – Борбордук Азиянын туруктуу шаардык мобилдүүлүгүн изилдөө) долбоорунун алкагында өнөктөш университеттер (Берлин техникалык университети, Технология жана коом борбору; Чыгыш Казакстан мамлекеттик техникалык университети; Назарбаев Университети; Ургенч мамлекеттик университети; Бишкек мамлекеттик университети; Тарбиат Модарес университети, Иран) менен бирдикте уюштурулган эл аралык онлайн мектепке катышууда.

Онлайн мектептин ачылышында Маттиас Нолленбург, Volkswagen фонду, техника илимдеринин доктору, проф., КМКТАУнун ректору Абдыкалыков Акымбек, Берлин техникалык университетинен проф. Мартина Шефер жана Dr.-Ing. Вольф-Хольгер Арндт, проф. Джонг Ким, Назарбаев Университети, бул онлайн мектептин илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүдө тажрыйба алмашууда жана өнөктөш университеттер арасында академиялык алмашуу үчүн мындан аркы кызматташууда маанилүүлүгүн белгиледи.

Мектептин жүрүшүндө эл аралык эксперттер проф. Доктор Халед Абделазим Аббастын коомдук транспорт боюнча (Египет Улуттук транспорт институту, Каир, Египет), доктор Ана Цуи Морено Чоунун моделдөө, колдонуучу жүрүм-турум боюнча (Мюнхен техникалык университети) жана Доктор Михаил Блинкиндин шаардык жана аймактык өнүктүрүү факультеттин деканынын «Коомдук транспортту уюштуруу жана санариптештирүү» темасындагы (НИУ ВШЭ, Москва, Россия) лекциялары болору күтүлүүдө.

КМКТАУнун кызматкерлери — т.и.к., доц. Аманбек Алтыбаев жана магистр Айдарбек уулу Адалат Берлин техникалык университетинде коомдук транспортту өнүктүрүү боюнча өткөн стажировкалары (август-октябрь, 2021-ж., Берлин) боюнча презентацияларын сунушташат.

Өнөктөш-университеттердин кызыкдар тараптарынын (стейкхолдер) катышуусунда World Café форматында уюштурулган жумушчу топтор тарабынан коомдук транспорттогу актуалдуу көйгөйлөрдү талкуулоо (Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт башкармалыгынан, Бишкек ШИИБден, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мамлекеттик инспекциясынан,  Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги) жана эл аралык сертификаттарды тапшыруу менен онлайн мектептин иши жыйынтыкталат.

Бөлүшүү

Комментарийлер