КМКТАУда «ТЕХНО ПРЕМЬЕР» ОКУУ, ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК БОРБОРУ АЧЫЛДЫ
- 06.04.2021
- 0
Насирдин Исанов атындагы КМКТАУда 5-апрелде тарта «Техно Премьер» окуу, илимий-техникалык борбору иштей баштады.
Борбор 670100-Жер үстүндөгү транспорттук жана технологиялык машиналар жана комплекстер (ЖТТМК), 670200-Транспорттук, технологиялык машиналарды жана комплекстерди пайдалануу (ТТМКП) багыттары жана АжАЧ, АС билим берүү программалары боюнча окутууну жана кайра даярдоону жүзөгө ашырат.
Ошондой эле борбордун базасында квалификацияны жогорулатуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Автопарктар, «Тазалык» МИ жана башка тармактардын кызматкерлери үчүн да иш алып барат.
5-апрелден 9-апрелге чейин «Техно Премьер» ОИТБда «Транспорттук жана технологиялык машиналарды эксплуатациялоо» курсу боюнча » 7 облустан келген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери LiuGong (КЭР) компаниясынын жаңы курулуш техникасын өздөштүрүшөт.
«Техно Премьер» борбору LiuGong компаниясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү, аталган борбордун негиздөөчүсү Турат Дубанаевдин демилгеси жана KМКТАУнун колдоосу менен ишке ашкан.
Белгилей кетсек, «Техно Премьер» ОИТБнин расмий ачылышы ушул жылдын май айына мерчемделген.
Комментарийлер