КМКТАУДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ

  • 26.04.2021
  • 0

Н.Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети Кыргыз Республикасынын Чүй облусуна караштуу жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт башкармалыгы жана Аламүдүн райондук эмгек жана социалдык ѳнүгүү башкармылыгы менен биргелешип «БИЛИМ БЕРҮҮ АЧЫК ЭШИК» жарманкесин онлайн өткөрдү.

Жарманке Чүй облусунун орто мектептеринин окуучуларына багытталып, тогузунчу жана он биринчи класстардын окуучулары КМКТАУнун окуу  программалары, кесиптик багыттары жөнүндө толук маалымат ала алышты. Иш-чаранын расмий бѳлүгүн университеттин социалдык маселелер, тарбия иштери жана мамлекеттик тил боюнча проректору Болотов Таалай ачып:Урматтуу биздин ѳнѳктѳштѳр, кесиптештер, кымбаттуу мектеп бүтүрүүчүлѳрү, мен сиздерге университеттин кызматкерлеринин жана студенттеринин атынан салам жолдойм. КМКТАУ Кыргызстандагы техникалык жана экономикалык профилдер боюнча, ошондой эле маалыматтык технологиялар, архитектура жана дизайн жаатындагы адистерди даярдаган ири техникалык университеттеринин бири. Университеттин негизги максаты — бул компетенттүү адистерди даярдоо болуп саналат. Бул тууралуу биздин университеттин видеороликтеринен кененирээк маалымат ала аласыздар. Биздин университетке кош келипсиздер!», — деп окуучуларга кайрылуу жасады.
Андан соң сөз кезеги Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жаштар иштери боюнча координация жана ѳз ара аракеттенүүнүн бѳлүмүнүн башчысы Учкемпиров Мураталыга, Аламүдүн райондук эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү башкармалыгын калкты иш менен камсыз кылууга кѳмѳктѳшүү бѳлүмүнүн башчысы Үсөнов Чынарбекке берилди. Алар катышуучуларга салам жолдоп, иштеринин  жемиштүү болушун каалады.

Иш-чарага 300гѳ жакын мектеп окуучулары катышышты. Алар: Аламүдүн, Москва, Панфилов, Сокулук, Жайыл райондорунун орто мектептеринин окуучулары, мугалимдери.

Иш-чаранын жүрүшүндѳ КМКТАУнун видеороликтери кѳрсѳтүлүп, алты институттун директору даярдалуучу кесиптер жѳнүндѳ кеңири маалымат беришти, ошондой эле ар бир институттун алдыңкы студенттери ѳздѳрүнүн жетишкендиктери менен ой бѳлүшүп, окуу-жайдын шарттары менен тааныштырышты.
Жарманке суроо-жооп форматында ишин жыйынтыктады.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер