КМКТАУДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

  • 17.03.2022
  • 0

«Tокмок-SECOM» билим берүү мекемесинин окуучулары Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде болуп, окуу жайдын ийгиликтери менен таанышты.

КМКТАУДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ КМКТАУДА АЧЫК ЭШИКТЕР КҮНҮ ӨТТҮ

Кыргыз Республикасындагы жана чет мамлекеттердеги мектеп, лицей жана орто кесиптик окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында студенттерди  кабыл алуу жана кесипке багыт берүү борборунун директору Алтыбаев Аманбек презентация-баяндама жасап, КМКТАУга кабыл алуунун шарттары менен кеңири тааныштырды. Токмок шаарынын жана Чүй облусунун мектеп бүтүрүүчүлөрү университеттин ийгиликтерин жана жетишкендиктерин чагылдырган макеттер, долбоорлор жана маалыматтык материалдар коюлган зал-галереяны көрүп чыгышты. Сенаттар, студент-активдери студенттик жашоо жөнүндө айтып, ЖРТны ийгиликтүү тапшырып, келечектеги кесипти туура тандоо боюнча баалуу кеңештерин беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер