КМКТАУ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮП ЖАТАТ

  • 21.05.2020
  • 0

Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети бакалавриаттын 29, магистратуранын эки, орто кесиптик билим берүүнүн бир, кошумча билим берүүнүн 12 багыты боюнча «Билим-Стандарт» агенттиги тарабынан улуттук аккредитациядан өтүп жатат.

КМКТАУ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮП ЖАТАТ

Аккредитациянын программасына ылайык, бүгүн алгач чоң жыйындар залында университеттин жетекчилиги менен жамааты «Билим-Стандарт» агенттигинин эксперттери менен жолугушту. Ректор А.Абдыкалыков университеттин ишмердүүлүгү тууралуу кыскача баяндама жасап, андан соң университетке экскурсия өткөрүлдү. Эксперттер Н.Исанов атындагы музейге барышып, Н.Исановдун жеке документтери жана анын сыйлыктарынын көчүрмөлөрү менен таанышышты. Эске салсак, 2008-жылы университетке эгемендүү Кыргызстандын биринчи премьер-министри Насирдин Исановдун ысымы ыйгарылган.

КМКТАУ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮП ЖАТАТ

Андан соң университеттин көргөзмө залында жайгаштырылган сыйлыктар, макеттер, экспонаттар, долбоорлор, ошондой эле университеттин жетишкендиктерин, илимий-техникалык потенциалын чагылдырган маалыматтык такталар менен таанышышты. 3-окуу имаратында уникалдуу изилдөөчү жана окуу жабдыктары – сейсмоплатформаны көрүп, Лира-САПР борборун кыдырышты. Аталган борбордо магистранттар жана студенттер заманбап программалык продукттарды кеңири пайдаланышат. Лира  программасынын жардамы менен ар кандай татаалдыктагы имараттарды жана курулмаларды (стадиондорду, аэропортторду ж. б.)  моделдөө жана эсептөөнү өздөштүрүшөт.

КМКТАУ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮП ЖАТАТ

Эксперттер китепканага, окуу залына жана электрондук китепканада да болушту. Экскурсиянын аягында коноктор Санариптик билим берүү борборунда ишке  ашырылып жаткан бир нече долбоорлор менен таанышышты. Аталган борбордо студент Асанбаев Акоша «Гид-студент» деген аталыштагы роботтун ишин жана  «Мобилдик телефон менен баарын башкаруу» долбоорун презентациялап берди. «Гид-студент» роботу аралыктан интернет  аркылуу (зымсыз) дөңгөлөк түзмөк менен жылып, бардык маалыматтар сенсордук экрандагы белгилер менен башкарылат. «Уюлдук телефон менен баарын башкаруу» долбоору коноктордун өзгөчө кызыгуусун туудурду. Асанбаев Акоша бөлмөдөгү жарыкты күйгүзүп/өчүрүү, розеткадагы электр тогун күйгүзүп/өчүрүү, электр чайнегин башкаруу, терезедеги жалюзилерди ачып/жабуу, каалганын кулпусун бекитип/ачуу иштерин  мобилдик телефон аркылуу башкарып, заманбап программанын мүмкүнчүлүктөрүн айтып, көрсөтүп берди.

КМКТАУ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮП ЖАТАТ

Университетте иштөө процесси санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге ылайык уюштурулуп, эксперттер үчүн санитардык-гигиеналык талаптарды жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык шарттар түзүлдү.

КМКТАУ КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯДАН ӨТҮП ЖАТАТ

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер