ӨКМӨТТҮН КЕЗЕКТЕГИ ЖЫЙЫНЫ: МЕКТЕПТЕГИ ТАМАК-АШ 40 СОМГО ЧЫГАТ

  • 16.06.2026
  • 0

16-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилигинде өткөн кезектеги аппараттык жыйында өлкөнүн социалдык-экономикалык абалы талкууланды. Күн тартибиндеги эң орчундуу маселелердин катарында таксилер үчүн санариптик лицензияларды киргизүү жана мектеп окуучуларынын тамак-ашын каржылоону көбөйтүү маселеси каралды.

Өзгөчө көңүл 1–4-класстын окуучуларынын тамактануу сапатына бурулду. Акыркы анализдер көрсөткөндөй, учурдагы бөлүнгөн 14 сом балдардын толук кандуу жана тең салмактуу тамактануусуна таптакыр жетпейт.

Бул көйгөйдү чечүү максатында, Президенттин чечими менен мектеп тамагынын стандарты кескин жогорулайт. Натыйжада, 2027-жылдын 1-январынан баштап бир окуучуга күнүнө 40 сомдон бөлүнө баштайт.

«Балдарыбыздын ден соолугу – мамлекеттин башкы приоритети. Каржылоону үч эсеге жакын көбөйтүү өлкөдөгү ар бир мектепте тамак-аштын сапатын сезилерлик жакшыртышы керек. Биздин милдет – бул маанилүү чечимдин өз убагында жана кемчиликсиз аткарылышын камсыз кылуу», — деп баса белгиледи МинКаб Төрагасы.

Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине 2027-жылдын бюджетинде зарыл каражаттарды алдын ала карап, даярдыктарды көрүү милдети жүктөлдү. Ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана Агартуу министрликтери биргеликте балдардын жаш өзгөчөлүгүнө, калориясына жана тамак-аш баалуулугуна төп келген жаңы меню иштеп чыкмай болушту. Ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларына жаңы тартипке кечиктирбей өтүү үчүн муниципалдык ченемдик актыларды тезинен каржылоонун жаңы стандарттарына шайкеш келтирүү тапшырмасы берилди.

Нурлан КЫДЫКОВ, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер