“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР”: ЖУМУШЧУ ТОП ДОЛБООРДУ ИШКЕ АШЫРУУНУН КЕЗЕКТЕГИ АРАКЕТТЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ

  • 07.06.2023
  • 0

7-июнда Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын жетекчилиги алдында “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруучу жумушчу топтун отуруму өттү.

“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР”: ЖУМУШЧУ ТОП ДОЛБООРДУ ИШКЕ АШЫРУУНУН КЕЗЕКТЕГИ АРАКЕТТЕРИН ТАЛКУУЛАДЫ

Отурумга билим берүү жана илим министринин орун басары Аида Рысбаева, министрликтин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлери катышты.

Катышуучулар каттоо, окутуу жана сертификациялоо боюнча буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизүү, корутундуларды берүү, үй тибиндеги бала бакчаларга барган балдардын саны жөнүндө маалыматтарды талкуулашты.

Бөлүшүү

Комментарийлер