“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР”: ЖАҢЫ КОНУШТАРДА ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ АЧУУГА АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 04.05.2023
  • 0

3-майда “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруучу жумушчу топтун отуруму өттү.

“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР”: ЖАҢЫ КОНУШТАРДА ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛА БАКЧАЛАРДЫ АЧУУГА АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын жетекчилиги алдында өткөн жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттык сактоо министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономика жана коммерция министрлигинин, Мамлекеттик салык кызматынын, Улуттук статистика комитетинин жана Бишкек мэриясынын кызматкерлери катышты.

Билим берүү жана илим министрлиги “Өтүнмөлөрдү чогултуу, окутууну уюштуруу жана өткөрүү, сертификациялоо жана кабарлоо тартиби” жана тартипти бекитүү боюнча ведомстволор аралык буйруктун долбоорлорун талкуулоо жана бекитүү үчүн сунуштады.

Мэрия окутууга келип түшкөн өтүнмөлөрдүн саны, окутуу үчүн топторду түзүү, жаңы конуштардын жашоочуларына мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жана үй тибиндеги бала бакчаларды ачуу үчүн мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматтарды таратуу тууралуу маалымат берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер