“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫ:ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕРДИ КАТТОО ТАРТИБИ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 20.04.2023
  • 0

19-апрелде “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Кыргыз Республикасында мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруу боюнча жумушчу топтун жалпы жыйыны өттү.

“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫ:ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕРДИ КАТТОО ТАРТИБИ ТАЛКУУЛАНДЫ

Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын төрагалыгы алдында өткөн жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинини, Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын, “Инфоком” мамлекеттик ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын кызматкерлери жана эксперттер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жеке ишкерлерди каттоонун жүрүшүнүн жол-жобосу талкууланды. Талкуунун жыйынтыгында 20-апрелде долбоорду ишке ашыруучу жумушчу топ Бишкек шаарынын Биринчи май жана Ленин райондорундагы жаңы конуштарда жеке ишкер болууну каалаган жарандар менен жолугушат. Анда жеке ишкерлерди каттоодо ички миграция маселелерин эске алуу менен ишкерлик баштоо боюнча маалыматтарды беришет.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишкерлерди окутуу 2-майдан тарта башталары белгилүү болду.

Долбоорго катышууну каалаган жарандар иш күндөрү саат 9:00дөн 17:00гө чейин төмөндөгү телефондорго кайрылса болот:

Ленин району –  0(312) 65-68-94;

Биринчи май району –  0(312) 62-35-02.

Бөлүшүү

Комментарийлер