“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПИЛОТТУК ДОЛБООРУ БОЮНЧА 59 ЖЕКЕ ИШКЕР ҮЙ ТИБИНДЕГИ БАЛА БАКЧА АЧКАН
- 14.06.2023
- 0
Бүгүн, 14-июнда, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаеванын жетекчилиги алдында “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын “Мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу” долбоорун ишке ашыруучу жумушчу топтун кезектеги отуруму өттү.
Анда Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү уюмдарга берилген көрсөтмөлөрү боюнча кыскача маалыматы угулду. Ошондой эле, мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча маалымдоо механизмдери талкууланды.
Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгы борбордо ачылган үй тибиндеги бала бакчалар тууралуу маалымат берди.
Белгилүү болгондой, “Өкмөттүк акселераторлор” пилоттук долбоору боюнча 59 жеке ишкер үй тибиндеги бала бакча ачкан.
Учурда жеке жактардан “ЖЕКЕ ИШКЕРЛЕР ТАРАБЫНАН КӨРСӨТҮЛҮҮЧҮ МЕКТЕПКЕ ЧЕЙИНКИ БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТТАРЫ” башталгыч курсуна арыздар кабыл алынууда.
Кызыккан жактардан төмөнкү шилтеме боюнча кайрылууңуздарды өтүнөбүз: https://forms.gle/nBrWAFVfyB5ex5Nq7
Комментарийлер