КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ — ЖАЛПЫ АДАМЗАТТЫН  ЖООПКЕРЧИЛИГИ

  • 24.05.2023
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын алдындагы Климаттын өзгөрүшү шарттарында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешинин жыйынына катышты.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы өз сөзүндө “биздин келечегибиз климаттын өзгөрүшүнө каршы кандай чаралар көрүлө турганына жараша болот” деп белгиледи.

-Кыргызстан БУУнун бийик трибунасынан климаттын күн тартибине байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө умтулаарын билдирди. Биз атмосферада көмүр кычкыл газын чыгарууну кыскартуу боюнча БУУнун Алкактык конвенциясынын алкагында Париж келишиминин милдеттенмелерин толук аткарууга кириштик, — деген Акылбек Жапаров, шамал, күн электр станциялары жана ГЭСтер үчүн технологияларды жана жабдууларды жеткирүү үчүн кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотулганын белгиледи.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы ошондой эле коомчулукту “планетанын ресурстарын сарамжалдуу жана үнөмдүү пайдаланууга” салым кошууга чакырды.

-Энергияны үнөмдөөчү лампаларды колдонуу, коомдук транспортко өтүү, таштандыларды сорттоо, сууну үнөмдөө — бул ар бир адам жасай турган кадам, биз жөн гана адаттарыбызды өзгөртүшүбүз керек, — деп баса белгиледи Акылбек Жапаров.

Соңунда Министрлер Кабинетинин Төрагасы өлкөнүн тышкы карызын жашыл жана климаттык долбоорлорго алмаштыруу демилгесин айтып, эл аралык уюмдарды бул демилгени ишке ашырууга активдүү катышууга чакырды.

(Өз кабарчы)

Бөлүшүү

Комментарийлер