КЛИМАТТЫК КРИЗИСТИН СЕБЕПТЕРИНЕ АРНАЛДЫ

  • 09.03.2024
  • 0

6-мартта И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы Республикалык экология, жерин таануу, туризм жана аймак таануу боюнча өспүрүмдөр борбору менен биргеликте “Климаттык кризистин себептери» аталышындагы семинарды жогорку деңгээлде уюштурду.

КЛИМАТТЫК КРИЗИСТИН СЕБЕПТЕРИНЕ АРНАЛДЫ

Семинарга КМУнун илим, эл аралык байланыштар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев, ага окутуучу Н.Д. Ниязова жетектеген ЭКОмуун ийрими, борборубуздагы №15 жана №89 жалпы орто билим берүү мектебинин, SOS Герман Гмайнер окуу-тарбия-комплексинин мугалимдери жана окуучулары катышты.
Семинардын жүрүшүндө климаттык кризистин себептерин изилдөө боюнча видео тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле, ЭКОмуун ийрими тарабынан лабораториялык шартта түтүн жана анын курамында кармалган заттар чагылдырылып көрсөтүлдү.
Семинарда 550100 «Табигый-илимий билим берүү” багытынын 2-курсунун БХ-11-22 тайпасынын студенттери — ЭКОмуун ийриминин мүчөлөрү: Мухтарбек кызы Бактыгүл, Эмилова Айгерим, Турдалиева Айгерим, Керезбек кызы Жаздай, Анарбекова Айзирек жана Жеңишбекова Динара лабораториялык шартта жасаган иштери менен катышуучуларды тааныштырды.

Нурифер НИЯЗОВА, И.Арабаев атындагы КМУ

Бөлүшүү

Комментарийлер