КЛАССТАШТАР ТАШТАНДЫ УРНАЛАРЫН АЙЫЛЫНА ОРНОТУШТУ
- 18.08.2021
- 0
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Сары-Камыш айылында таштанды таштоочу урналар орнотулду.
Айылдын 1978-жылы туулган жигиттери өз демилгеси менен таштанды чогултуучу урналарды орнотуп беришти.
— Биз балдар кеңешип, айыл үчүн пайдалуу иш кылууну чечтик. Беш жерге желим бөтөлкө үчүн урна орноттук. Бул ишибизди бизден кийинки муун улантып кетет деген үмүттөбүз, — дешет демилгелүү классташтар.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер