“КИТЕПТИН БАРАГЫН АЧСАҢ, КИТЕП САГА ДҮЙНӨНҮ АЧАТ!»

  • 26.04.2021
  • 0

Өзгөн райондук борборлоштурулган китепкананын кызматкерлери китепканадагы жаңы китептерди тааныштыруу максатында ОшТУнун академик Б. Мурзубраимов атындагы Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунда Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата окурман студенттерге китеп көргөзмөсүн уюштурду.

Көргөзмөнүн соңунда “Китепке узак өмүр!” аталыштагы конок-лекция уюштурулду. Анда аталган китепкананын китепканачылары — Келдибаева Айнагүл жана Сейилкан Кенжешова кеңири мазмунда маек куруп берди.

Бөлүшүү

Комментарийлер