КИТЕПКАНАЧЫЛАР ҮЧҮН ОКУТУУ ТРЕНИНГДЕРИ БАШТАЛДЫ

  • 14.04.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен биргеликте ЮНИСЕФтин колдоосу менен 2021-жылдын 13-апрелинен тартып Ош шаарында 50 китепкананын (анын негизинде Баланы өнүктүрүү борборлору иштей баштайт) китепканачылары үчүн үч күндүк тренингдерди өткөрүүдө. Ушундай эле тренингдер ушул жылдын 20-22-апрелинде Бишкек шаарында да өткөрүлөт.

КИТЕПКАНАЧЫЛАР ҮЧҮН ОКУТУУ ТРЕНИНГДЕРИ БАШТАЛДЫ

Окутуу үчүн окуучуларга багытталган окутуу, инклюзивдик билим берүү принциптерин жана гендердик аспекттерди эске алуу менен эрте жана мектепке чейинки курактагы балдарды өнүктүрүүнү жана социалдаштырууну камтыган үч күндүк окутуу тренинг-модулу даярдалды.

Тренингдердин максаты – китепканачыларга балдарды өнүктүрүү борборлорунда мектепке чейинки курактагы балдар менен иштөөдө методикалык жардам көрсөтүү.

КИТЕПКАНАЧЫЛАР ҮЧҮН ОКУТУУ ТРЕНИНГДЕРИ БАШТАЛДЫ

Бул күндөрү китепкана кызматкерлери эрте жана мектепке чейинки курактагы балдардын жаш курактарынын өзгөчөлүктөрү, балдарды эрте өнүктүрүүнүн жана окутуунун маанилүүлүгү, балдардын мектепке сапаттуу даярдануусуна жетишүү үчүн ата-энелердин потенциалын көтөрүүдөгү жана жамааттарды мобилизациялоодогу китепканачылардын ролу тууралуу билип, наристелер менен иштөө методикасы, ошондой эле өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар балдар менен иштөө ыкмалары жөнүндө маалымат ала алышат жана фасилитатордун ролун аткарышат.

КИТЕПКАНАЧЫЛАР ҮЧҮН ОКУТУУ ТРЕНИНГДЕРИ БАШТАЛДЫ

2018-жылдан баштап республика боюнча 50 китепканада алгачкы өнүгүү борборлору иштеп келе жатат. 1700гө жакын бала, анын ичинде өзгөчө муктаждыгы бар балдар китепканаларга барып турушат.

Иш Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-февралындагы №117 буйругу менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн социалдык туруктуулукту жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу боюнча артыкчылыктуу иш-чаралар планынын” алкагында жүргүзүлүүдө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер