«КИТЕП ЖАН ДҮЙНӨБҮЗДҮН ТҮГӨНБӨГӨН АЗЫГЫ»

  • 04.04.2023
  • 0

Ат-Башы райондук Б.Кыдыкова атындагы китепканалык-маалымат тармагынын балдар бөлүмүндө 2-апрельБалдар китебинин эл аралык күнүнө карата «Китеп жан дүйнөбүздүн түгөнбөгөн азыгы» аттуу ишчара  ачык асман алдында өттү."КИТЕП ЖАН ДҮЙНӨБҮЗДҮН ТҮГӨНБӨГӨН АЗЫГЫ"

"КИТЕП ЖАН ДҮЙНӨБҮЗДҮН ТҮГӨНБӨГӨН АЗЫГЫ"

Маалыматка таянсак, иш-чарага К.Мамбеталиев, Карыбек уулу Акматаалы, К.Кожоев атындагы балдарга билим берүү борборунун окуучулары катышты. «Балдардын  сүйүктүү  жомокчусу  Г.Х Андерсен», “Балдар жазуучусу И.Исаковго 90 жыл» деген темаларда китеп  көргөзмөлөр уюштурулуп, библиографиялык обзор берилди. Окуучулар китеп жөнүндө, И.Исаковдун ырларынан көркөм окуп беришти. Куурчак ийриминин катышуучулары «Абышка жана эчки», «Алтын таажы корооз» жомокторун көргөзүштү.

Иш-чарада К.Кожоев атындагы билим берүү борборунун «Аруужан» бийчилер тобу бийлешти. «Дайыма сулуу — бул дүйнө»деген сүрөт тартуу жана кийизден оюнчук жасоо  боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер