КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН СЫНАК
- 13.09.2021
- 0
«Оку» долбоорунун алкагында китеп окуу маданиятын өнүктүрүүгө багытталган VII республикалык китеп окуу конкурсу СТАРТ алды. Сынактын жалпы байге фонду 250 000 сом!
Сынак жалпы окурмандар үчүн: «Окуучу кыз» (онлайн жана офлайн өткөрүлөт); мугалимдер үчүн: «Финдердей окуталы» (онлайн жана офлайн өткөрүлөт); мектеп окуучулары үчүн: «Эрте келген турналар» китебинен онлайн өткөрүлөт.
Катталуу www.oku.biz.kg сайты аркылуу ушул жылдын 10-сентябрынан башталып, 25-ноябрына чейин жүргүзүлөт.
Сынакка катышуу АКЫСЫЗ!
СЫНАКТАР:
?️»Эрте келген турналар» 04.12.2021-ж. саат 20:00дө онлайн болот
?️»Окуучу кыз» 05.12.2021-ж. саат 11:00дө онлайн жана офлайн болот.
?️»Финдердей окуталы» 05.12.2021-ж саат 13:00дө онлайн жана офлайн болот.
Конкурс жөнүндө жаңылыктарды билиш үчүн төмөндөгү телеграм каналга катталыңыздар.⤵️
https://t.me/okudolbooru
Китептерди «BookHouse» тармактык китеп дүкөндөрүнөн алууга болот⤵️
https://instagram.com/bookhouse_kg?utm_medium=copy_link
Комментарийлер