КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨРГӨ БЕЛЕК

  • 23.04.2020
  • 0

23-апрель — китеп күнүнө карата К.И.Скрябин атындагы КУАУнун алдындагы Техника-экономикалык колледжинин китепканачысы Роза Молдобаева студенттер менен аралыктан суроо-викторина өткөрүп жатат.

КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨРГӨ БЕЛЕК

КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨРГӨ БЕЛЕК

— Китепкана – студенттердин сүймөнчүлүгүнө айланган жер. Андыктан мен дагы аралыктан студенттер менен иш-чара өткөрүүнү туура көрдүм. Суроолорду жөнөттүм. Китептин келип чыгыш тарыхы, эң алгачкы кыргыз китеби, анын мазмуну эмне жөнүндө, дүйнө жүзүндөгү эң чоң китеп, китеп уурдаган адамдын аталышы, китепке болгон сезимиңиз менен төрт сап ыр кураңыз же кызыктуу сүйлөмдөрдү кураштыруу менен текст түзүңүз (бул жерде макал, цитата колдонсо болот) деген суроолор берилди, — дейт китепканачы.

КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨРГӨ БЕЛЕК

КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨРГӨ БЕЛЕК

КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨРГӨ БЕЛЕК

КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨРГӨ БЕЛЕК

Ушул жогоруда белгиленген суроолорго туура жооп берген студенттерге китеп белекке берилмекчи (албетте, аны карантинден кийин алышат). Викториналардын жооптору бүгүн саат 16.00 чейин берилиши керек.

Гүлнара Алыбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер