КИТЕП СҮЙҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН ЖАКШЫ КАБАР

  • 26.09.2019
  • 0

27-сентябрда КР  Улуттук илимдер академиясында кыргыз элинин сыймыктуу уулу, дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу Чыӊгыз Айтматовдун китептеринин бет ачар аземи өтөт.

Иш-чара Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, “Ыйык Ата Журт” коомдук фонду, “Оку” басма үйү тарабынан уюштурулууда. Жазуучунун “Кылым карытар бир күн”, “И дольше века длиться день”, “Ак кеме” чыгармалары басылган бул китептер Эл аралык Айтматов коомдук фондунун колдоосу менен жарык көрдү.

Китептердин бет ачары менен бирге “ОКУ!” долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча “Канткенде адам уулу адам болот!” деген ураан алдында республикалык китеп окуу конкурсунун жол-жобосу тууралуу маалымат берилет. Бул долбоор Кыргызстанда экинчи жолу (биринчи жолу “Манас” эпосу боюнча 2018-жылы уюштурулган) ишке ашырылып жатат. Анын байге фонду 300 000 сом.

Бөлүшүү

Комментарийлер