КИТЕП ОКУУ СТРЕССТИ АЗАЙТАТ
- 22.04.2020
- 0
23-апрелде белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк китеп күнү быйыл коронавируска байланышкан карантинге туш келип отурат.
Ошого карабастан, каракөлдүк агартуучулар убакыт таап, жалпы элди, окуучуларды, ата-энелерди эл аралык китеп майрамы менен куттуктап, китеп менен достошууга, көркөм тексттерди окууга чакырышты.
«Китеп — биздин эң жакын досубуз. Китепти көп окуган адам дайыма жаш жана алдыга умтулган адам болот.
Жакшы китеп адамга жан берген кан сыяктуу. Ар бир адам китеп окуусу керек.
Китеп окуу стрессти азайтат, мээнин иштешин жакшыртат, депрессияны айыктырат, сөз байлыгыңды, кругозорду кеңейтет», — деп айтылат каракөлдүк агартуучулардын кайрылуусунда.
А. Алибеков, » Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер