КИТЕП ОКУУ ОЙЛОНУУНУ ЖАКШЫРТАТ
- 23.04.2020
- 0
Бишкек шаарындагы Инновациялык технологиялар мектеп-лицейинин 3″д» классынын окуучулары 23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүн быйылкы карантин шартында өзгөчө белгилешти.
Эл аралык китеп майрамынын урматына балдар-кыздар китеп тууралуу ойлорун үн жазгычка түшүрүп, эжейине жөнөтүштү.
Күн мурунтан берилген тапшырманы аткарууда бул жолу 3 «д» классынын алдыңкы окуучусу Шаршенбаев Альберт өзгөчөлөндү.
Ал өзү даярдаган видео-слайдда досторун адабий китептерди көп окуп, фантазияны өнүктүрүп, ойлонууну жакшыртууга чакырды.
Китепкөй балдардын эжейи Гүлүмкан Асанкадырованын айтуусунда, 3 «д» классынын окуучулары башынан китеп окуганды жакшы көрүшөт.
А.Алибеков, «Кут Билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер