КИТЕП МЕНЕН ДОС БОЛУУ

  • 26.03.2024
  • 0

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Акиш Капаров атындагы орто мектептин 8-классынын окуучулары Бишкек шаардык борбордук китепканада мейманда болушту.

КИТЕП МЕНЕН ДОС БОЛУУ

Жолугушуу кечесин ачкан Бишкек шаардык борборлоштурулган китепканалар тармагынын директору, КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер Күлсайра Дандыбаева окуучуларды китеп менен дос болууга үндөө менен шаардык китепканалардын окурмандарды китеп окууга тартуу боюнча жүргүзүп жаткан иштерине кеңири токтолуп, келечектеги аткарылуучу иштерди баса белгилеп кетти. Ал эми аталган мектептин директорунун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Бегимжан Каракожоева окуучуларга терең билим берүү боюнча иш-чаралар менен отургандарды тааныштырып өттү. Кеченин спикерлери Алишер Турдалиев менен Саида Майрамбек кызы адамдын аң-сезимин өстүрүүдө китеп окуунун чечүүчү ролун баса белгилешип, өз тажрыйбаларын тең бөлүштү.

КИТЕП МЕНЕН ДОС БОЛУУ

КИТЕП МЕНЕН ДОС БОЛУУ

Кеченин жүрүшүндө окуучулар викторинанын суроолоруна жооп берип, жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер